Спорт

Дүйнө чемпиондугуна бара тургандардын тизмеси. Махмудовдун барбаганынын себеби

Дүйнө чемпиондугунда эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы аныкталды. Белгилей кетсек, чемпионат 2-10-октябрда Ослодо (Норвегия) өтөт.

United World Wrestling билдиргендей, кыз-келиндер күрөшү боюнча Токио (Япония) Олимпиадасынын күмүш байгечиси Айсулуу Тыныбекова менен коло медалдын ээси Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын курама командасынын курамында дүйнө чемпионатына катышат.

Олимпиаданын катышуучулары Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү), Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) жана Эрназар Акматалиев (эркин күрөш) дагы бул чемпионатта өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Бирок грек-рим күрөшү боюнча Олимпиаданын дагы бир күмүш байгечиси Акжол Махмудов бул чемпионатка катышпай калат. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев «Бизде Акжол Махмудовдун салмагында (77 килограмм) күрөшкөн көп балбандарыбыз бар. Ошол эле Кайрат Түгөлбаев.

Быйылкы Азия чемпиондугунда коло медаль алган Талантбек Акылбеков жана башкалар. Алардын баары өз-өзүнчө мелдештерге бөлүнгөн. Бирөө Азия чемпиондугунда күрөшсө, бирөө Олимпиадада күрөшөт. Ал эми башкалары Дүйнө чемпиондугуна катышат. Ошол себептүү Акжол Махмудов бул жолку Дүйнө чемпиондугуна катышпайт», — деп билдирди.

Дүйнө чемпиону үчүн Кыргызстандын курама командасынын курамы:

Аялдар күрөшү62 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова;

68 кг чейин — Мээрим Жуманазарова;

76 кг чейин — Айпери Медет кызы.

Грек-рим күрөшү55 кг чейин — Нурмухаммед Абдуллаев;

60 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков;

63 кг чейин — Калы Сулайманов;

67 кг чейин — Амантур Исмаилов;

72 кг чейин — Руслан Царев;

77 кг чейин — Кайратбек Түгөлбаев;

82 кг чейин — Калидин Асыкеев;

87 кг чейин — Азат Салидинов;

97 кг чейин — Бексултан Махмудов;

130 кг чейин — Роман Ким.

Эркин күрөш57 кг чейин — Алмаз Сманбеков;

61 кг чейин — Улукбек Жолдошбеков;

65 кг чейин — Алибек Осмонов;70 кг чейин — Эрназар Акматалиев;

74 кг чейин — Эламан Догдурбек уулу;

79 кг чейин — Саякбай Усупов;

86 кг чейин — Арсалаң Будажапов.

Яндекс.Метрика