Кызыктуу

Назира Айтбекова: «Эркекке айгыр болгонго уруксат бербесең анда ал…»

«Аял экиге бөлүнөт экен. Бири эркекти эркектигин жоготуп бычкан аял( албетте физикалык жактан эмес моралдык жактан) экинчиси да эркекке канат тагып, көкөлөткөн, эркектигин ойготкон аял.
“Вазир жакшы, хан жакшы, аял жакшы эр жакшы” деп какшай беришет го! А биздикилер аны тескери түшүнүп алышып, аял эркекти чокчойтуп отургузуп коюп, шымаланып, арабаны сүйрөп , жүдөгөн немеден эр жасайт деп түшүнүшөт.

Аял назданып, жыттуу жыттанып, кыңырылып, миң кылыктанып, эркелеп, алты кар баскан түлкүдөй түрлөнүп, шыңкылдап, жүктү эркекке оодарып, эркектигин көрсөткөнгө уруксаат берип туруш керек экен. Ошондо эркегиң кадимкидей аялын улам таң калтырып, аялын укмуш алаканына салып, аялын көкөлөтүш үчүн болгон күчүн жумшап , баардык жактан өсөт экен.

А биздин катабыз эркектерди аяп, шымалана түрүнүп алып, болгон ишти өзүбүз жасап, акчаны экономдоп, эчтеке алдырбай, аялдыгыбызды унутуп коюп, көр — турмушка аралашабыз.

Эркекке эркектигин көрсөткөнгө, айгыр болгонго уруксат бербесең, ал бара бара сен менен айтышып, майда ишке кийлигишип , “ курбу” боло баштайт. “Курбу” эркекке аялдын денеси ойгонбойт. Эркек да даңкылдаган, тамак жыттанган, чачы таралбаган аялына да эзилип, ээрип түшпөйт. Белек алгысы келбейт. Анан башкалардын короосун аңдымай башталат.

Бактылуулуктун болгон сыры эле : өзүңө көңүл бөлүп, аялдыгыңды өстүрө бер. Аял аял болуп турса эле эркек эркек экени эстейт экен!»

Назира Айтбекова

Яндекс.Метрика