Жаңылыктар

Интернеттен таанышкан кызга жолугууга барган жигитти тоноп кетишкен

Бишкекте тоноо фактысына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«21-январда жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Ал 18-январь күнү түнкү саат экилер чамасында Ак-Ордо жаңы конушунан тоноп кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Кол салгандар 3500 сомдук сумканы алып кетишкен, анын ичинде 16 миң сомдук iPhone 8 телефону, банк картасы жана башка жеке буюмдары болгон.

Ошентип алар жалпы суммасы 20 миң сомдук материалдык зыян келтиришкен. Арыз ээси социалдык тармактарда мурда таанышкан кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн, бирок анын ордуна белгисиз балдар келип, коркутуп тоноп кеткенин билдирген», — деп айтылат билдирүүдө.

Тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталды. Алар 19 жаштагы Р.М. жана 20 жаштагы Н.С. Көрсө, бул алардын ушундай эле сценарий боюнча жасалган биринчи каракчылыгы эмес экен.

Милиция жабырлануучуларды 0700396505, 0700683774 же 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

Яндекс.Метрика