Жаңылыктар

Кыргыз тараптан 3 адам каза болду, арасында 12 жашар кыз бар

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен кыргыз тараптан 3 адам каза болду, алардын арасында 12 жашар кыз бар.

Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.Анын айтымында, Баткен облустук ооруканасында эки адам каза болуп, Лейлекте адам өлүмүнө алып келген 1 факт катталып, 2008-жылы туулган кыз каза болду.

«Ооруканага жалпы 51 жабырлануучу келип түшкөн. Бардык медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Ош жана Бишкек шаарларынан медицина кызматкерлери келип, кошумча керебеттер жайгаштырылууда. Муктаждык болсо, жабырлануучуларды дарылануу үчүн Бишкекке жөнөтөбүз», — деди ал.

Яндекс.Метрика