Жаңылыктар

Кысым башталды. Куудулдар концертке тыюу салынганын айтышты

Куудулдар Рахман Разыковдун, Абдылда Иманкуловдун жана Нарынбек Молдобаевдин Жалал-Абаддагы 6-7-январга белгиленген «Оңолмок элек биз качан, ортодо турса үч пахан» аттуу концерти болбой калды.

Бул концертинен улам УКМКнын аталган аймактагы башкармалыгына чакырылышты. Тагыраагы, куудулдардын «Үч пахан» деген тамашасы суракка барууга себеп болгон. 

Ошондой эле Рахман Разыков мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун учурунда деле концерт койгонун, анда мындай бут тосуулар болбогонун кошумчалады.

Мен пахан деп конкреттүү бир адамды айткан жокмун, ал жерде пахан деген үчөөбүз деп түшүндүрдүм. Интермедиядагы «лампочкам, фигураңыз жакшы экен» жана башка сөздөр эл арасында айтылып жатат да. Бул жерде бардык талапкерлерге карата айтылган сөздөр колдонулган. Бирок талап коюлуп, программадан ал тамашабызды чийдик. Оштогу концертибиз бүтүп, Жалал-Абадга барганыбызда ал жактан облустук штаб иш-чара өткөргөнгө болбойт деп театрдын эшигин ачпай койду. Облустун алыскы, жакынкы аймактарынан келген көрүүчүлөр көчөдө калды, билет сатып алышкан деп ресторан таап, сүйлөштүк. Баасын келишип, элди киргизели деп жатканыбызда тойкананын ээси телефон чалып, өткөргөнгө болбойт деди. Акчасын төлөп жатам, эл күтүп турат дегенимде «мага тынч жашоо керек» деди.

Билет алган эл бизди жаман көрүп «эмнеге концерт койбойсуңар билет саткандан кийин» дешти. Бирибиз Бишкектен, бирибиз Оштон атайын барып концерт койбой коймок белек», — дейт куудул.

Яндекс.Метрика