Видео Дүйнөдө

Орусия Украинанын аскер техникалардын абадан атып жок кылган видеосун жарыялады

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Чернигов облусундагы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик техникаларын жана ок-дары кампалары жок кылынган видеону жарыялады.

Видеодо учкучсуз учак менен бутага алып атканы, ошондой эле соккунун кесепеттери көрсөтүлгөн. Министрлик Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн артиллериялык бөлүгү ракеталык жана артиллериялык куралдардын бириккен кампасын жана 20га чейин аскердик техниканы так сокку менен жок кылганын белгиледи.

24-февралда Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын аскердик операциясын баштаган. Владимир Путин анын максатын “сегиз жыл бою Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо” деп атады. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Куралдуу күчтөр аскердик инфраструктурага жана украин аскерлерине гана сокку урат.

Видео:

Украинанын президенти Володимир Зеленський Telegram каналына видео кайрылуу жүктөп, анда украин делегациясы менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр татаал болсо да уланышы керектигин билдирди.

«Ар ким өз ордунда иштеши керек, анын ичинде Орусия Федерациясы менен сүйлөшүүлөрдө делегациянын курамына биздин өкүлдөр да кириши керек. Бул кыйын, бирок маанилүү. Жолугушуулар уланып жатат, мага маалымдалгандай, сүйлөшүүлөрдөгү позициялар реалдуураак боло баштады. Бирок чечимдер Украинанын кызыкчылыгына жооп бериши үчүн дагы убакыт керек», — деди Зеленский.

Яндекс.Метрика