Жаңылыктар

Орусияга кете албаган өзбектер Кыргызстанга иш издеп агылып келүүдө

Өзбекстандын эмгек мигранттары, анын ичинде Фергана өрөөнүндөгү калк жыш жайгашкан аймактарында жашагандар коңшу Кыргызстанга күн сайын жумуш издеп келип жатышат. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Өзбек мигранттары Кыргызстандын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Достук чек ара бекетине таң эрте чогулушат. Дал ушул жерде мигранттар кыска мөөнөткө мыйзамсыз жумушка, башкача айтканда, жалданма жумушка кабыл алынат.

Алардын көпчүлүгү пандемияга байланыштуу саякаттоо чектөөлөрүнө жана билеттердин кымбаттыгына байланыштуу Россияга бара албай калгандар. Күн сайын миңдеген өзбек жарандары күнүмдүк иш үчүн чек арадан өтүп келишүүдө.

Ошол эле учурда, Кыргызстан дагы жумушсуздук кризисин баштан кечирүүдө, ал пандемия учурунда күч алган. Жергиликтүү тургундардын айтымында өзбектер кыргыздарга караганда азыраак акчага макул болуп иштей беришет. Алар көбүнчө кара жумуштарга, аялдар болсо ашкана, тейлөө тармагында иштешет.

АКШдагы Эл аралык Республикалык Институттун (IRI) жакында жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, Кыргызстандагы респонденттердин дээрлик 60 пайызы жумушсуздук өлкөнүн эң олуттуу көйгөйү деп эсептешкен.

Расмий статистика боюнча, 2020-жылы Кыргызстандын 6,5 миллион жашоочусунун 157 миңге жакыны жумушсуз катары катталган. Бирок жумушу жоктордун саны иш жүзүндө 500 миңдин тегерегинде.

Кыргызстандын чиновниктери жана коомчулугу мыйзамсыз эмгекти жөнгө салууга, мигранттар үчүн иштөөгө милдеттүү түрдө уруксат кагаздарын берүүгө жана киреше салыгын киргизүүгө чакырууда.

Яндекс.Метрика