Жаңылыктар

Премьер-министрликке 2 талапкер калды. Кимиси мыкты?

Бүгүн 4 партия «Ата мекен», «Реформа», «Бир бол» жана «Республика» биригип бир кандидат Өмүрбек Бабановду өкмөт башчылыкка алып чыгышты. Алар мыйзам жолу менен жаңы өкмөт курамын курай тургандыгын айтышууда. Учурда Садыр Жапаровдун колдоочулары эски аянтта митинг өткөрүп жатышат. Алар башка партиялардын учурдагы абалды мыйзам жолу менен чечүү сунушуна жооп берише элек.

Садыр Жапаровдун азыркы абалын ар ким ар кандай айтышууда. Көпчүлүк аны криминал башкарып ал өз башына ээ эмес дешүүдө. Буга далил аянтта митингде аны «каралар» курчап жүргөнүн айтышууда, чогуу түшкөн сүрөттөр дагы тартылып алынган.

Мындан тышкары аны Жээнбеков, Матраимовдор менен дагы байланышы бар, аларга Камчыбек Ташиев ортомчу болуп жатканын айтышууда. Буга далил анын жанында өткөн шайлоодо «Биримдик» партиясынын камчысын чаап жүргөн Талас Бегалиевдин иниси Канат Бегалиев дагы жүрөт.

Кимиси мыкиы лидер боло алат?

Яндекс.Метрика