Саясат

Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровго атаандаштар ким болот?

Бүгүн, 26-октябрда премьер-минстр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша турганын жар салды. Ал буга чейин президенттик шайлоо 10-январда өтө турганын билдирген.

Учурда рейтинги жогору болуп жаткан Жапаровго шайлоодо кимдер атаандаш боло алат? Кандидаттар төмөндө.

  1. Өмүрбек Бабанов

2017-жылкы президенттик шайлоодо 600 миңден ашуун добуш алып 2-орунда келген Бабанов дайым жогорку бийликке умтулуп келет. Ал азыр даярданып жатса керек.

2. Адахан Мадумаров

Эч бир шайлоону калтырбай катышып келген Мадумаров улуттун лидери болгусу келе турганынан кайтпай тургандай болуп калды көрүнөт. Бирок акыркы 10 жылдан бери ийгилик бул адамдан айланып өтүп жатат. Туруктуу шайлоочулары бар бул инсан шайлоого даярданып жатканын саясаттан алыс жарандар дагы билсе керек.

3. Камчыбек Ташиев

Садыр Жапаровдун досу, партиялашы Ташиев бийликти ушунчалык самагандыктан 2012-жылы Ак үйдү ашып өтөм деп абакка отуруп чыккан жайы бар. Бул адамды көпчүлүк патриот катары эсептешет. Көптөн бери бийлик бутагына илеше элек бул инсандын рейтинги 5-октябрдан кийин өстү десек болот. Келе жаткан шайлоого катышышы толук ыктымал.

Садыр Жапаровго ушул 3 адам чындап атаандаш боло тургандай. БШК билдиргендей шайлоого катышууну каалагандар 14-ноябрга чейин катталат. Буга чейин бийлик башында тургандар шайлоого катышса сөзсүз жеңиш алар тарапта болуп келген. 2005-жылы Курманбек Бакиев, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев кантип шайлоодон өтүп келгендерин жакшы билебиз. Бирок, бүгүн, 26-октябрь Садыр Жапаров декабрдын башында президенттик жана премьер-министрлик кызматын тапшырып жөнөкөй жаран катары шайлоого катышарын айтты.

Яндекс.Метрика