Жаңылыктар

Сузакта 9 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан кыздын сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 18-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы Сумаянын жансыз денеси райондун Арал айылындагы сайдын жээгинен табылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Ички иштер кызматкерлеринин оперлери сөөктү чыгарып, экспертизага алып кетишти. Маалыматка ылайык, анын жансыз денеси бүгүн, 27-ноябрда саат 17:30 чамасында табылган. «Анын жансыз денеси суу аккан сайдын жээгинен табылды. Азыр милиция кызматкерлери иштеп жатышат», — деп ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2012-жылы туулган Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү Сузак районунун Сузак айылындагы үйүнөн мектепке түшкү саат 12:40та чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Аны издөөгө милиция кызматкерлери, 100дөй тургундар жана атчандар тартылган. Кечээ 26-ноябрда кыздын атасы аны табууга көмөк берүү үчүн Президентке жана УКМК төрагасына кайрылган.

Яндекс.Метрика