Видео

Тажиктер кыргыздын үйлөрүн сүрдүрүп жаткан видеолорду таратып жатышат

Социалдык тармакка бульдозер менен үйлөрдү сүрүп жаткан видеолор тарап жатат. Видеолорду тажик жарандары таратып жатат. Анда тажиктер кыргыздардын имараттарын жана үйлөрүн бульдозер менен сүрүп жатышканын көрүүгө болот.

Бул чек ара чатагыбы? Бул биздин мамлекетке кол салуу жана чет мамлекеттин аскердик баскынчылыгы экенин интернет колдонуучулары жазышууда.

Видео:

Кыргызстандын расмий өкүлдөрү жаңжалды тынчтык жолу менен чечели деп уламдан-улам айтып жатышат, ошол эле мезгилде тажик тараптан тынчтык жолунда чечели деген билдирүү боло элек. Алар кадимки согуш болуп жаткандай эле маалыматтарды таратышууда.

Ушул эле учурда кыргыз тарап ок атышуу токтогонун билдиришти. Жергиликтүү калк атышуу дагы да уланып жатканын айтышууда.

Буга чейин ӨКМнын басма сөз кызматы Баткенде жалпысынан 21 үй, 1 мектеп, 10 май куючу жай өрттөнүп кеткен.

Яндекс.Метрика