Жаңылыктар

Токмокто 9 жыл мурун дайынсыз жоголгон эки адамдын сөөгү шаар четинен табылды

Милиция 9 жыл мурун болгон кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

2013-жылдын 22-октябрында Токмок шаарында эки жергиликтүү тургун — 1989-жылы туулган К.Н. жана 1988-жылы туулган И.Т. дайынсыз жоголушкан.

Туугандарынын айтымында, алар үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес. Андан соң милиция кызматкерлери уурдоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, кылмыштын бетин ачуу Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүндө болгон. 2013-жылдан бери милиция жаштарды издөөнү, кандайдыр бир маалыматты текшерүүнү токтоткон эмес.

3-майда Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына Ак-Кудук айылына жакын жердеги талаадан адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Туугандары сакталып калган кийимдер боюнча дайынсыз жоголгондорду аныктай алышкан.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен ЭПКга катталды.
Бир нече күндөн кийин, 10-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын, Токмок ШИИБнин жана Ысык-Ата РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Х.Ш., жана Х. 1964-жылы туулган Ж. колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, каза болгондор менен шектүүлөрдүн ортосунда чыр чыккан. Акыркысы эки баланы таш бараңга алып, кылмышты жашыруу үчүн сөөктөрдү көмүүнү чечишкен.

Алар 2014-жылы эле детективдердин назарына түшкөн, бирок кармалгандар ошол кезде милицияга калп айтып, кармалбай кетишкен. Айыпталуучулар алардын чатагы тынчтык жолу менен чечилгенин жана Токмок шаарынын тургундарынын дайынсыз жоголушуна эч кандай тиешеси жок экенин айтышкан.

Тергөө иштери уланууда.

Яндекс.Метрика