Видео Жаңылыктар

Видео. Өлкөгө жалпысынан канча техника келди?

«Өлкөбүздүн аскердик түзүмүн чыңдоо максатында Кыргызстандын күч түзүмдөрү үчүн аскердик техникаларды, курал-жарактарды сатып алдык», — деп билдирди 25-мартта журналисттерге министрлер кабинетинин башчысынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Анын айтымында, бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн. «Бүгүн биз Орусиянын Арзамас шаарынан 55 атайын «Тигр» бронетехникасын сатып алдык. Бул машиналар биздин эл үчүн атайын даярдалган. Мындан тышкары, Россиядан дагы 50 жаңы КАМАЗ сатып алдык, өзгөчө биздин Чек ара кызматы үчүн.

Бардык жабдыктар өлкөбүздүн бюджетинин эсебинен алынган. Биз эч кимден жардам сурабайбыз. Биз өлкөбүздүн коопсуздугун жана бүтүндүгүн толук камсыз кылабыз. Бардык техникалар Баткенге жөнөтүлөт».

«Биз жабдууларды сатып алуу үчүн эч кимден жардам сурабайбыз. Биз азыр ок-дарыларды, курал-жарактарды да сатып алып жатабыз. Кыргызстандын коопсуздугун жана бүтүндүгүн толук камсыз кылабыз. Мунун баары Садыр Жапаровдун көрсөтмөлөрүнүн аркасы. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара кызматынын күжүрмөн нөөмөтүнө Байрактар ​​ТВ2 учкучсуз учактарын да алдык. Мындан ары өлкөбүздүн асманы жана чек арасы кошумча дрондор менен кайтарылат”,-деп кошумчалады Камчыбек Ташиев.

Яндекс.Метрика