Видео Дүйнөдө

Видео. Москвада акчасын төлөбөй койгон үчүн кыргыз жараны өзү жасаган имараттын ичин талкалап салды

Москвадагы кыргызстандык айлыгы төлөнбөгөндүктөн өзү жакында эле оңдоп-түзөөдөн өткөргөн имаратын талкалап салды. Видео YouTube каналына жарыялаган. Видеодо адам окуя Пролетарская метросунда болгонун айтат. Анын айтымында, ортомчулар убадасын аткарбай, имаратты оңдоодон өткөрүп, акчасын төлөбөй коюшкан.

«Мен азыр болжол менен 180 чарчы метр жерди талкалайм. Алар мага акчамды беришкен жок. Мага баары бир. Бул жерде күнү-түнү иштедим. Алар менин эмгегимди баалашкан жок. Биз эмгегибиздин акысын алууга милдеттүүбүз. Эгерде сиздин эмгегиңиз бааланбаса, унчукпай калбаңыз, иш берүүчүлөрдү буга үйрөтөбүз», — дейт кыргызстандык.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграция департаментинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын 750 миңден ашуун жараны эмгек миграциясында жүрөт. Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылы Россия Федерациясынын аймагында 15 миллион чет элдик жумушчу катталган. Анын 900 миңи Кыргызстандан келген.

Яндекс.Метрика