Видео Спорт

Видео. Алтынбек Мамашов Орусиялык мушкерди укмуштуудай нокаутка учурду

11-июнь күнү Казань шаарында орун алган «АСА 124» турниринде кыргыз мушкери Алтынбек Мамашов менен Орусиялык Василий Курочкин беттешти.

Мушташ башталганда эле Мамашов активдүү болуп, соккуларды байма-бай узатып жатты. Биринчи раундда Алтынбек Мамашов оң колунун соккусу менен атаандашын нокдаунга түшүрдү, бирок ал туруп кеткенге үлгүрүп, беттеш андан ары уланды.

Экинчи раунддун ортосунда Алтынбектин тынымсыз соккуларын көтөрө албаган орус мушкери башы менен жерге сайыла кулап түштү. Ушул жерден калыс беттешти токтотуп салды. Беттештин толук видеосун төмөндө көрсөңөр болот.

Дагы окуңуз:

Яндекс.Метрика