Видео Спорт

Видео. Мээрим Жуманазарова акыркы секундда упай алып жеңип чыкты

Бүгүн, 6-октябрда кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 68 килограмм салмакта жарым финалга чыккан. Жарым финалда кыргыз балбаны орусиялык Ханум Велиева аттуу балбан кыз менен килемге чыкты.

Алгачкы бөлүктө активдүүлүк көрсөтпөө себеби менен орусиялык балбан кызга 1 упай берилип, каршылаштын пайдасына жыйынтыкталды. Ал эми 2-бөлүктө Мээрим Жуманазарова атаандаштын артына өтүп 2 упай алды. Андан соң орусиялык балбан кыз дагы 2 упай иштеп тапты.

Беттештин бүтөрүнө аз гана убакыт калганда мекендешибиз Мээрим Жуманазарова каршылашын килемден түртүп чыгарып эсепти теңеп кетти. Беттеш 3:3 эсебинде аяктап, күрөштүн эрежесине ылайык, акыркы упайды иштеп тапкандыгы үчүн кыргыз балбан кызына жеңиш ыйгарылды. Мээрим Жуманазарова эми финалда алтын үчүн күч сынашат.

Тиреш катуу жүрүп отуруп эсеп 3:3 менен аяктады. Челленж ташталып, калыстар көпкө кайталап көрүп отуруп акыры жеңишти Мээримге ыйгарышты.

Видео:

Яндекс.Метрика