Видео Кызыктуу

Видео. «Мерседести» сүзгөн мотоциклдин айдоочусу учуп кетти

Мотоцикл менен «Мерседес» үлгүсүндөгү унаанын кагышкан видеосу социалдык тармактарга тарады. Окуя 21-апрель күнү эртең менен түштүк магистраль жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Видеодо көрүнүп тургандай кайрылып жаткан унааны мотоциклдин айдоочусу сүзүп алган. Ал тормоз басканына карабастан келип кагышкан. Өзү ыргып барып жерге түшкөн. Бирок анын дароо тура калганын көрүүгө болот. Мындай учурлар адам шок абалда болгондо болот, ал мезгилде эч бир ооруган жери байкалбай калат.

Яндекс.Метрика