Жаңылыктар

Жалал-Абадда кызча кийинип тилемчилик кылган эркек бала кармалды

Жалал-Абадда кыздын кийимин кийип тилемчилик кылган эркек бала кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Жалал-Абад шаарындагы жер астынан өтүүчү өтмөктө отуруп, жанындагы колонка аркылуу куран коюп, колуна сүрөт көтөрүп алган. Сүрөткө иниси ооруп жаткандыгын, аны чет өлкөдөн дарылатуу керектигин, бул үчүн акча каражаты жетпегендиктен кайдыгер эмес жарандардын жардам берүүсүн жазып алган.

«Милиция кызматкерлери кызча кийинип тилемчилик кылып отурган эркек баланын аты-жөнүн аныкташты. Ал Ош облусунун, Кара-Суу районунун Нариман айылынын 2002-жылы туулган тургуну экени белгилүү болду. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал 6 бир тууган экендиги жана эч кандай иниси оорубай тургандыгы такталды. Балага карата милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймагына жөнөтүлдү», — деп билдирет басма сөз кызматынан.

Яндекс.Метрика