Жаңылыктар

19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда өз кызын зордуктоого шектелген ата кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-февраль күнү Пригородное айылынын 19 жаштаны тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Арызда атасы зордуктаганын айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Тергөө учурунда жабырлануучу кыз 1-февраль күнү саат 17:00 чамасында атасы күч колдонуп зордуктап салганын айткан. Андан соң апасы экөө милицияга арыз жазышкан. Мындан тышкары, арыз ээси биринчи жолу атасы аны 2019-жылы зордуктаганын кошумчалаган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1984-жылы туулган Т.И. аттуу кыздын атасы кармалган. Шектүү Орусиядан январь айынын ортосунда келген. Учурда кармалган адам Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Яндекс.Метрика