Жаңылыктар

Жээнбековдун инаугрцияга катышуусуна каршы митинг өтүп жатат

Бишкекте парламент имаратынын алдында кезектеги пикет өтүүдө. Аялдар кыймылынын активисттери экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жаңы шайланган мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуусуна жол бербөөнү талап кылышууда.

«Ал жоопкерчиликсиз президент болгон.Анын учурунда баары уурдалды, коронавирустан көптөгөн өлүмдөр болду. Анын инаугурацияга катышууга моралдык укугу жок», — деди нааразы болгон Нургүл Кожомбердиева.
Ошондой эле аялдар пандемия учурунда жакындарын жоготконун жана окуялардын ачык-айкын иликтенишин күнөөлүүлөрдүн бардыгына жооп берүүнү талап кылышты.

Яндекс.Метрика