Жаңылыктар

Жол жүрүп баратып табышмактуу жагдайда жоголгон. Орусияда кыргыз жараны дайынсыз болууда

Орусияда жүргөн 30 жаштагы кыргыз жараны дайынсыз болууда. Бул тууралуу жоголгон адамдын эжеси жардам сурап социалдык тармактарга жазып чыкты.

«Салам достор! Мага сиздердин жардамыңыздар керек. Бардыгыңыздарга өтүнүч менен кайрылам! Бул менин иним Сагындыков Калинур Кубанычович, 17.07.1991-ж. Кыскача айтып берейин, акыркы 6 жылдан бери ал Москвада жашап, иштеп жүрөт.

Ушул жылдын май айынын аягында Кыргызстанга учуп келип, 4-июнда кайра учуп кеткен. Москвага аман-эсен жетип алган. Болжол менен 6-7-июнь күндөрү унаа менен иштери боюнча чыгып кетиптир.

Кимдин унаасы экени белгисиз жана ал жалгыз болгонбу же жокпу белгисиз. Машинанын номери C273EM 707 бирок коду так болбошу мүмкүн, балким 787 же 797 болушу мүмкүн.

Ошол жактан Самарага барган, андан кийин Челябинскиге жана Екатеринбургга барып, кайра Москвага кайтып келиши керек болчу. Бирок ал Челябинскиден Екатеринбургга бара жатып дайынсыз жоголгон. Акыркы жолу 8-июнь күнү болжол менен саат 11.30 чамасында байланышка чыгып, сүйлөшкөн кызына видео тартып жөнөтүптүр.

Андан кийин байланышка чыккан жок. Баарыбыз Кыргызстанда болгондуктан анын Москвадагы досторунан арыз жазууну сурандык, бирок тилекке каршы полиция кызматкерлери «туугандык байланышы жок деп» арызды кабыл алышпайт экен.

Андан кийин Бишкектеги Свердлов РОВДсына арыз жаздык, алар качан Москвага сурам жөнөтөрү белгисиз. Бүгүн күйөө балам аны издегени Москвага учуп кетти. Бирок менин иним жөнүндө ушул убакка чейин эч кандай маалымат жок болуп жатат.

Ал WhatsAppта оффлайн болуп турат, Россиялык номери өчүрүлгөн. Сураныч жардам бериңиздерчи. Ар бир маалымат биз үчүн маанилүү! Биз аябай тынчсызданып жатабыз.

Балким кимдир бирөө бир нерсени көргөн же уккан болсо +996 700 01 07 05 номерине байланышып коюңуздар.» — деп жазылат маалыматта.

Яндекс.Метрика