Жаңылыктар

«Жылаңач сандарын дүйнө эли көрүп жатат». Өзүбек ажы кыргыздын балбан кыздарына ачуусу келди

Белгилүү диний ишмер Өзүбек ажы Чотонов Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана башка балбан кыздарды «жарым-жылаңач» чыгып жатышат деп сындады. Бул тууралуу оюн ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.

Ал кыздардын фигурасын дүйнө жүзү көрүп жатканына нааразы болгон.

«Жарым-жылаңач чыгып жатышат. Алардын окорочкадай сандарын дүйнө эли көрүп жатат. Медаль беребиз десе эле бүт жакты көрсөтө бериш керекпи? Мисалы, мен медаль алсам мындан электр энергиясы арзандап, газ арзандайбы? Айлыгың көбөйүп же жолдор асфальтталып калабы?

Мисалы, мен Кыргызстан үчүн көп балалуу болуп, бала тарбиялап жатам. Бул менин Кыргызстан үчүн кылган эмгегим.
Кыргыз каерде аялынын күчтүүлүгү менен сыймыктанчу эле?

Мүйүзү жок буканын кубаты жок. Эркек үндүү катындын уяты жок дечү беле!
Бул биздин эмансипация, аялдардын мужествляться этип баратышын көргөзөт.
Эркектен кубат кетеер
Катындан уят кетеер» — деп жазган ал.

Яндекс.Метрика