Жаңылыктар

Айт 13-майда болоору айтылды. Бирок дагы өзгөрүшү мүмкүн

Бул жылы Орозо айт майрамы 13-майда болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Бардык мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айы адатта 29 же 30 күндөн тургандыгын түшүндүрдү.

«Орозо айдын чыгышына карап саналат, ошондуктан, Орозо айттын күнү аныкталганы менен, бир күнгө айрыма болушу мүмкүн деп эскертебиз ”, — деп билдирди муфтияттан.
Азырынча аянтта айт намазын окуу чечими кабыл алына элек. Ал эми кадыр түн 8-майдан 9-майга караган түнү белгиленет.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жума намазы, айт намазы жана ифтар сыяктуу даваат жана массалык иш-чараларды өткөрүүнү убактылуу токтотууну сунуш кылган.

Коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жаткандыктан чиновниктер Орозо айт майрамын үй-бүлө менен белгилөөнү сунушташат.

Орозо айт — мусулмандардын негизги эки майрамынын бири (экинчиси — Курман айт). Белгилүү болгондой, ал ыйык Рамазан айы аяктагандан жана 30 күндүк орозодон кийин белгиленет.

Ислам дүйнөсүндө бул күн Мухаммед пайгамбардын доорунан бери белгиленип келе жатат жана Кыргызстанда массалык түрдө эгемендүүлүк алгандан кийин гана белгилей башташты.

Яндекс.Метрика