Жаңылыктар

Бишкекте вебкам студия ачып акчаны күрөп таап жүргөн кыз кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Лунарага (аты өзгөртүлдү, М.Л.) каршы чечим чыгарды. Жарлыкка ылайык, кыз акчага порнография таратып жүргөн.

2020-жылдын ноябрь айында кыз элиталык көп кабаттуу үйдө жайгашкан батирде веб-кам студиясын ачкан. Лунара студияны компьютер жана интимдик шаймандар менен жабдыган.

Ал акчага АКШда жана Европада жашаган кардарлар үчүн веб-камера аркылуу денесин көрсөтүп жүргөн. Алар аны менен чет өлкөдө катталган эсептер аркылуу эсептешип келишкен. Сотто Лунара күнөөсүн мойнуна алды.

Сот Лунараны Кылмыш кодексинин 130-беренеси («Порнографиялык объектилерди жайылтуу») боюнча күнөөлүү деп тапты. Интернет аркылуу маалымат таратууга байланыштуу иш-аракеттерди жүргүзүүгө кызга 6 айлык мөөнөткө тыюу салынып жана 30 миң сом айып төлөөгө мажбурлады.

Маалыматтар боюнча вебкам модель болуп иштегендер күнүнө 500 доллардан жогору табышат.

Сүрөттөр интернеттен алынды.

Яндекс.Метрика