Видео Саясат

Марипов Баткен элин ачууланткан сөзүнө түшүндүрмө берди

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы («Головной») суу бөлүштүрүүчү жай Тажикстанга эч качан берилбей турганын билдирди. Бул тууралуу 4-майда Баткен облусунда куралдуу жаңжалда жабыркаган эл менен жолугушканда айтты:

«Бул суу бөлүштүрүүчү жайдын үстүндө «Кайырма» деген канал бар. «Кайырманын» башы үч куб. Бирок 1992-жылкы Алматадагы келишим бузулуп, бизди укпай, 2016-жылы ошол үч кубду 23 кубга чейин чоңойткон. Мен ошол тууралуу айтканмын. Мен аны Баткенге күйүп айттым. Головнойго менчелик күйгөн адам болсо, келсин, жооп берем. «Головной» эч качан аларга берилбейт», -деди Марипов.

Видео:

Мариповдун «Головной» тууралуу буга чейинки кеби кыргыз-тажик чегиндеги кагылышка шыкак берген болушу мүмкүндүгү коомчулукта айтылып келатат.“Головной” тилкесинде тажик тарап 28-апрелде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган.

Яндекс.Метрика