Кызыктуу

Назира Айтбекова чечинип алып күзгүнү карайбы?

Назира Айтбекова кайрадан элди шок кылган сүрөтүн жарыялады. Аны менен кошо төмөнкүдөй пост жазган:

“Эмне эле сүрөтүмдү түшүнбөй жатышат?” деп атам. Эми түшүндүм!

Менин сүрөттөрүм мага укмуш сонун көрүнүп атат да! Анткени өзүмө өзүм жагып куштарланып атам! Кандай гана сулуулук, кандай гана жаштык, кандай гана сонун искусство, кандай гана сонун сүрөтчүлөр?! Менин акылыма келгени ушул! Комментарийлерден, мага жеке купуя жазган кыздардан, мага окшоп чечинип алып, мени колдогон сүрөттөрдөн эмнени түшүндүм?

Көрсө, жылаңач денени көргөндө чок баскандай чочуганыбыздын себеби, бизге денебизди кабыл алдырып эч ким көндүргөн эмес да! Сүрөткө түшмөк түгүл чечинип алып, күзгүнү эч ким карабайт! Анткени өзүн өзү жактырбайт, жек көрөт! Дароо эле агып калган майы, эмилип бүткөн төшү көрүнөт.

Эмнеге ажырашуулар көп? Өзүбүз өзүбүз менен мамиле кура албай жатсак, башкасы менен кантип курабыз? Биз денебизди кабыл албай жатсак, өнөктөшүбүз кантип кабыл алат?

Денесин көрүнгөнгө тебелеткендер да денесин , өзүн кабыл албагандар! “Жыгач” болуп жата бергендер да кабыл албагандар! Бизде “уят!!!!” дей берип , жашына берип, кымтына берип, ачык айтпай, денеде да , жан дүйнөдө да далай жаралар чыгып кеткен!

Шаардыктар, орус мүнөздөр эмнеге бул сүрөттөрдө айып эч нерсе көрбөй эле? Анткени алар психология мн тааныш, алар, өзүн сүйөт, аларда комплекс жок!

Калп эле абийирге жашынып алган болбогон кеп! Силерге бүткөн абийир эле мага бүтпө калды дейсиңби! Ычкырына ээ боло албаганы деле “абийир” деп күйгүзөт да, чиркин!

Яндекс.Метрика