Видео Жаңылыктар Спорт

Видео. Айсулуу Тыныбекова күмүш медалга ээ болду

Бүгүн, 4-августта «Токио 2020» XXXII Жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова япониялык спортчу айым Юкако Каваи менен килем үстүнө чыкты. Алтын медаль үчүн болгон күрөштү бүт Кыргызстан зымырап күтүп турду.

«Ала-Тоо» аянтында чоң экранда Айсулуу Тыныбекованын беттеши түз эфирде көрсөтүлдү. Аянтка эл чогулуп, балбан кызыбызды сүрөө үчүн чогулушкан. Алардын арасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган бир топ аткаминерлер келген.

Тилекке каршы Айсулуу 3:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды. Муну менен кыргыз өлкөсүндө 2 күмүш жана 1 коло медаль болду.

Видео:

Жалпы эсепте Кыргызстан 61-орунга көтөрүлдү.

Яндекс.Метрика