Видео Жаңылыктар

Видео. Тажикстандын жоокерлери түндө эки кыргыз жаранын сабап, алып кирип кетишкен

Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын жоокерлери түнү менен уктап жаткан жеринен алып кетти деген видео социалдык тармактарга тарады.

«Лейлек районунун Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын жоокерлери түндө чатырында уктап жаткан жеринен келип токмоктоп, Тажикстанга алып кирип кеткен. Эмне болуп жатат ал жагын бир Аллах билет!», — деп жазды видеону жүктөгөн жаран.

Видео:

Биздин Инстаграм баракчабызга катталып акыркы окуяларды алгачкылардан болуп билип туруңуз.

Яндекс.Метрика